Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. Ысык-Көлдөгү пляждардагы күн чатыр (зонтик) менен шезлонгдордун бир күндүк баасы 200 сомдон ашпашы абзел. Бул туралуу “Кабар” агенттигине Чолпон-Ата шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу билдирди.

Калаа башчысынын айтымында, эреже боюнча, пляжга кирүү акысыз болушу керек. Күн чатыр менен шезлонгдордун бир күндүк баасы 200 сомдон ашпашы зарыл. Бирок, ага карабастан азыркы учурда пляжга кирүү үчүн акы алышууда жана зонтик, шезлонгдордун баасын 2-3 миң сомго чейин жогорулатышууда.
“Туристтерге жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүү үчүн пансионат ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Жалпысынан алганда, Чолпон-Атадагы көпчүлүк пансионаттарда шарттар жакшы. Туристтерге болгону меймандостугубузду жана маданиятыбызды көрсөтүү гана зарыл. Бул багытта ар бир пансионат ээси менен жеке сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Менин жеке пикиримде жергиликтүү тургундар менен биргеликте ар кандай маданий иш-чараларды өткөрүүбүз керек. Мындай иштерди биргеликте жүргүзүү аркылуу туристтерди тосуу маданиятыбызды жакшырта алабыз. Жыл башында жергиликтүү бийлик жана тургундар үч айлык маданий иш-чаралардын программасын түзүшү керек. Анан ошол программа менен иш алып баруу зарыл. Ошондо гана ынтымак жаралып, туристтерди жогорку деңгээлде тосуп алабыз.

Мындан тышкары, тамак-аш жана керектүү буюмдардын бааларынын кымбатташы боюнча да нааразычылыктар айтылууда. Бул көйгөй чын эле бар. Негизи бул маселени Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көзөмөлдөшү керек. Жакын арада бааларды көзөмөлдөп, текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлөт. Анын курамына Муниципалдык менчикти башкаруу органынын, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү кирет”,-деди ал.