Пилоттук долбоор. Өзгөндө аким айрым жетекчилерди алмаштырууда

Аймак Загрузка... 19 Май 2025 13:03
WhatsApp Image 2025-05-19 at 09.22.44.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.05.25. /Кабар/. Дайындоо, тартип чараны колдонуу боюнча ар бир кадамдарыбыз жазылган буйрук чыгарганбыз, ошонун негизинде Өзгөн районунда 3 жетекчини алмаштырдык. Бул тууралуу Өзгөн райондук мамлекеттик администрация башчысы, аким Каныбек Апбасов “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.

Анын айтымында, пилоттук административдик-аймактык реформанын негизинде райондун прокурорун, сотторду, райондук УКМК, ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, аскердик комиссарды, статистика башкармалыгынын башчысынан башка түзүмдөрдүн жетекчилерин кызматка дайындоо, кызматтан алуу ыйгарым укугу берилген.

“Президенттин жарлыгынын негизинде минкабдын 22 пунктан турган токтомунда биздин ар бир кыла турган иш-аракеттерибиз жазылган. Өзгөчөлүктөргө токтолсок, буга чейин министрликтер структуралык бөлүмдөрдүн жетекчиликтерин дайындашса, токтомдун негизиде пилоттун алкагында акимдерге дайындоо ыйгарым укуктар берилген.

Мисалы, Өзгөн районунда реформага чейин 19 айыл аймактары болсо, реформадан кийин 12 айыл өкмөт, бир райондук маанидеги шаар түзүлгөн. Акимдин дайындоосунда тиешелүү министрликтер сунуш бербейт. Мисалы, аким райондун ооруканасынын башка дарыгерин министрлик менен макулдашпай эле дайындай алат”,- деди Каныбек Апбасов.

Пилоттук административдик-аймактык реформанын алкагында райондук мамлекеттик администрациянын түзүмүндө да олуттуу өзгөрүлөр болгон. Алсак, айрым кызматтар кыскарып, алардын милдеттери акимдин орун басарларына жүктөлгөн.

“Буга чейин райондун финансы башкармалыгы өзүнчө структура болсо, учурда акимдин биринчи орун басарына райондук финансы башкармалыгынын жетекчиси кызматы да жүктөлгөн. Билим берүү тармагын өзүнчө бир адам башкарып келсе, учурда райондун социалдык маселелер боюнча орун басарына билим берүү тармагын жетектөө милдети кошулган. Мурда агрардык өнүктүрүү башкармалыгы Айыл чарба министрлигинин структарысында болуп келсе, учурда штаттык бирдиги менен райондук мамлекеттик администрациянын түзүмүнө өтүүдө. Аппарат жетекчиси да орун басар болуп, жалпы 4 орун басар кошумча кызматтары менен дайындалды. Пилоттук негизде иш алып барып жатканыбызга 4 жарым айдай убакыт өттү, курамабызды бекитип алдык. Пилоттук долбоордун алкагында кирише булактардын 30 пайызы райондук өнүктүрүү фонддуна түшүп, байкоочу кеңештин чечими менен райондун тиешелүү долбоорлорун каржылоого мүмкүнчүлүк түзүлүп, иштер аткарылууда”,- деди ал.

Ошентип, Өзгөн жана Ысык-Ата райондорунда жыл башында башталган пилоттук долбоордун негизинде министрликтердин жана мекемелердин бөлүмдөрүн, өкүлчүлүктөрү райондук деңгээлде акимдин убактылуу жетектөөсүнө өткөрүлгөн.

Эскерте кетсек, административдик аймактык реформанын биринчи этабында өлкөдө 231 айыл аймак, 33 шаар, анын ичинде 2 республикалык маанидеги жана 14 облустук маанидеги шаарлар түзүлгөн.