Пенсиялык топтоо каражаттарын алуучуларга 4 584,5 млн сом төлөнүп берилди

Экономика Загрузка... 20 Февраль 2025 10:46
WhatsApp Image 2025-02-20 at 07.20.43.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Өлкөдө 1-январга карата пенсиялык топтоо каражаттарын алуучуларга 4 584,5 млн сом суммасында акча каражаты төлөнүп берилди.

Социалдык фонддун маалыматы боюнча, пенсиялык топтоо каражаттарын алуучулардын жалпы саны 211 миң 049 адамды түзөт.

Төлөнгөн акча каражаттарын кимдер алды?

  • Пенсионерлерге төлөө – 187 256 адамга 2 525,5 млн сом;
  • Кыргызстандын чегинен тышкары туруктуу жашаган 4 148 адамга – 215,7 млн сом;
  • Мураскорлорго төлөө – 11039 адам үчүн 301,7 млн сом;
  • Аскер кызматчылары – 927 адамга 9,4 млн сом;
  • Ипотеканы төлөгөн 6969 адамга – 1 438,5 млн сом;
  • Жумушсуз 255 адамга – 4,5 млн сом;