Пенсиялар 1-октябрдан тарта канчага көбөйөт? Жаңы өлчөмдөр жана талаптар

Коом 26 11 Август 2026 17:50
dcbf05a4-8588-41ae-a3bc-6c0ed2588548.png
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга көбөйтүлүп, өлкө боюнча пенсиянын минималдуу өлчөмү 8 миң 800 сомдон кем болбойт. Бул тууралуу “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде Социалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров пенсияларды жогорулатуу боюнча тиешелүү жарлыкка 10-августта кол коюп, индексация “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдын 7-беренесине ылайык жүргүзүлүүдө.

Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга көбөйөт

Быйыл пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга көбөйтүлөт. Мында жогорулатуунун минималдуу чеги миң сом, ал эми максималдуу чеги 10 миң сом деп белгиленген. Мисалы, пенсионердин камсыздандыруу бөлүгү 10 миң сом болсо, ага 2 миң сом кошулат. 15 миң сомдук камсыздандыруу бөлүгүнө 3 миң сом, 20 миң сомго 4 миң сом кошулат.

“7 миң 100 сом алып жаткан пенсионерлерге 1 миң 700 сом кошулуп, пенсиясы 8 миң 800 сомго жетет. 7 миң 500 сом алгандарга 1 миң 300 сом кошулат. Ал эми 7 миң 800 сомдон жогору пенсия алгандарга камсыздандыруу бөлүгүнүн 20 пайызы эсептелет, бирок кошумча төлөм 1 миң сомдон кем болбойт”, - деди Мукамбетов.

Мындан улам 1-октябрдан кийин пенсиянын төмөнкү өлчөмү 8 миң 800 сомдон кем болбойт. Жаш курагы жетип, пенсияга жаңы чыгып жаткан жарандардын пенсиясы да белгиленген талаптарга жооп берген учурда автоматтык түрдө ушул өлчөмгө жеткирилет.

Социалдык фонддун маалыматы боюнча, пенсияны жогорулатуу бардык категориядагы пенсионерлерге тиешелүү болот. Ошондой эле баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү да көбөйтүлөт.

Пенсия жашоо минимумуна жакындатылат

Пенсиянын минималдуу өлчөмүн жогорулатуу менен мамлекет төмөн пенсия алган жарандардын кирешесин жашоо минимумуна жакындатууну көздөөдө.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын апрель-июнь айларында Кыргызстанда бир адамга эсептелген жашоо минимуму орточо 9 миң 900 сомго жакындады. Анын ичинде 6 миң 400 сом азык-түлүккө, 1 миң 600 сом кийим-кече жана башка керектүү товарларга, 1 миң 700 сом кызмат көрсөтүүлөргө жана 200 сом салыктарга туура келет.

Статкомитет жашоо минимумунун көлөмү калктын айрым топторуна жараша айырмаланарын белгилейт. Эмгекке жарамдуу адамдар үчүн бул көрсөткүч жогору болсо, пенсионерлер жана балдар үчүн төмөн болот.

Пенсионерлердин саны 830 миңге жакындайт

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 1-октябрга карата Кыргызстанда пенсионерлердин жалпы саны 830 миңге жакындайт.

Социалдык фонддун өкүлүнүн айтымында, акыркы жылдары пенсия алуучулардын саны туруктуу өсүүдө. Мисалы, 2005-жылы өлкөдө 530 миңге жакын пенсионер болсо, азыр алардын саны 830 миңге жакындады. Башкача айтканда, 20 жылдын ичинде пенсионерлердин саны дээрлик 300 миң адамга көбөйгөн.

“Жыл сайын пенсия алгандардын саны өсүүдө. 2005-жылы 530 миңдин тегерегинде пенсионер болсо, азыркы күндө 830 миңге жетти. Бул калктын жашоо узактыгынын өсүп жатканын да көрсөтөт. Пенсия алуучулардын басымдуу бөлүгү жаш курагы боюнча пенсия алат. Андан тышкары, майыптыгы боюнча жана баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу пенсия алгандар бар”, - деди Мукамбетов.

Социалдык фонддун маалыматына ылайык, өлкөдө 50 миң сомдон жогору пенсия алган жарандардын саны 1,5 миңден ашат. Учурда эң жогорку пенсия катары 130 миңден жогору пенсия алгандар бар. Мындай жогорку пенсиялар камсыздандыруу принцибине ылайык эсептелип, жаран эмгек жолунда канчалык көп камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөсө, анын пенсиясынын өлчөмү ошончолук жогору болоору менен түшүндүрүлдү. Ошол эле учурда жаңы индексациянын алкагында жогорку пенсия алган жарандарга жакында кошула турган сумма 10 миң сомдон ашпайт.

Пенсияны жогорулатууга 4,4 млрд сом каралат

Пенсияларды индексациялоону каржылоо үчүн Социалдык фонддун бюджетинен жыл аягына чейин кошумча 4 млрд 400 млн сом каралаарын Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев маалымдоо каражаттарына билдирген.

Анын айтымында, кийинки жылы пенсияларды жогорулатууга дагы 17 млрд 600 млн сом талап кылынат. Жалпысынан Социалдык фонд пенсияларды жогорулатууга кошумча 22 миллиард сом бөлөт. Пенсияларды көбөйтүү 1-октябрдан тарта күчүнө кирип, жыйынтыгында пенсиянын орточо өлчөмү 12 миң 898 сомго жетет.

Пенсияга чыгуу үчүн талап кылынган эмгек стажы

Быйыл жалпы негизде пенсияга чыгуу үчүн аялдар 58 жашка, эркектер 63 жашка толуп, кеминде 6 жылдык эмгек стажына ээ болушу керектигин Социалдык фонддун өкүлү маалымдады.

“Быйылкы жылы пенсияга чыккандар үчүн талап 58 жаштан аялдар, 63 жаштан эркектер 6 жылдан кем эмес эмгек стажы болсо эле пенсияга чыгып жатышат. Мурда 20-25 жыл стаж талап кылынган. Биз төмөнкү көрсөткүчкө түшүрүп койдук. Бирок, бул жыл сайын көбөйөт. Мисалы, 2027-жылы жалпы негизде пенсияга чыгуу үчүн 7 жыл талап кылынат. Жыл-жылы менен өсүп отуруп, 2045-жылга 20 жылдык стажды талап кылууга жетет”, - деди ал.

Пенсия дайындоонун негизги талаптары — белгиленген жаш куракка жетүү жана талап кылынган эмгек стажынын болушу.

Мукамбетовдун айтымында, талап кылынган стажы жетишпеген учурда мурда толук эмес пенсия дайындалса, азыр мындай жарандарга социалдык жөлөк пул берүү механизми колдонулат. Ал эми быйылкы талап боюнча кеминде 6 жылдык стажы бар жана пенсия курагына жеткен жарандарга 8 миң 800 сомдон кем эмес өлчөмдө пенсия дайындалат.

Эмгек сиңирген экономист Насирдин Шамшиев пенсиялык фонддун каражатынын көбөйүшү бул – мамлекеттин мүмкүнчүлүгүнүн жогорулашы экендигин “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

“Негизи Социалдык фонддун төлөмдөрү иштеп жаткан адамдардан 12,25% фондко которулуусу менен түзүлөт. Учурда 2,25% жумуш берүүчүдөн, 10% иштеп жаткан адамдан фондко которулат. Белгилүү болгондой, пенсия базалык жана камсыздандыруу бөлүгүнөн турат. Мамлекеттик бюджеттен каржыланган базалык бөлүгү бүгүнкү күндө 3 миң 170 сомду түзөт. Ал эми камсыздандыруу бөлүгү соцфондко бөлүнгөн 10% эсептен кетет. Мунун ичинен 2% топтомо бөлүккө кетет. Учурдагы 20% көбөйтүү ушул камсыздандыруу бөлүгүнө тиешелүү.

Мамлекетте өсүш болсо, жаңы жумуш орундары түзүлөт, көмүскөдө иштеп жаткан адамдар азаят. Көмүскөдө иштегендер Социалдык фондко каражатты азырак берип, фонддун деңгээли төмөн болот. Дүйнөлүк практикада пенсионердин пенсиясын толук камсыз кылуу үчүн бир пенсионерге жок дегенде 2-3 иштеген адам туура келиш керек. Мисалы, 1995-1998-жылдары мамлекеттин пенсия төлөөгө мүмкүнчүлүгү болбой калган. Бюджетке төлөнө турган акчалар жок, пенсияны ар кандай товарлар менен берген күндөр да болгон. Ага салыштырганда азыр абал абдан жакшы. Учурдагы эң төмөнү 8 миң 800 сом деген пенсия бул өтө жакшы көрсөткүч. Өлкөнүн экономикасынын өнүгүшү, жумуш орундарынын көбөйүшү өз таасирин тийгизүүдө”,- деди Шамшиев.