Пекинде Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине талапкерлиги тааныштырылды

Саясат Загрузка... 17 Апрель 2025 12:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 17.04.25. /Кабар/. Күн мурун Пекин шаарында Латын Америка жана Кариб бассейни (ЛАКБ) өлкөлөрүнүн Кытайдагы элчилери жана элчиликтеринин өкүлдөрүнө Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине талапкерлиги тааныштырылды. Бул туралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Анда Тышкы иштер министрлигинин атайын өкүлү жана Үчүнчү саясий департаментинин директору Нуран Ниязалиев жана Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева Кыргызстандын аталган кеңешке талапкерлиги тууралуу маалымат беришти.

Иш-чарага ЛАКБнын Кытайдагы дипломатиялык миссияларынын 26 элчиси жана өкүлдөрү катышты.

Ниязалиев өз сөзүндө БУУнун башкы органдарынын бирине Кргызстандын талапкерлигин илгерилетүү боюнча иштин алкагындагы Кыргызстандын негизги артыкчылыктары жөнүндө маалымдап, 7-апрелде Нью-Йорк шаарында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин расмий кампаниянын баштоосуна көңүл бурду.

Ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин атайын өкүлү Кыргызстандын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту, превентивдүү дипломатияны жана ортомчулукту бекемдөөгө, ошондой эле өнүгүп келе жаткан, тоолуу, анча өнүкпөгөн жана чакан арал мамлекеттеринин кызыкчылыктарын алга жылдырууга жана коргоого берилгендигин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Латын Американын жана Кариб бассейнинин өлкөлөрү менен мамилелерди өнүктүрүүгө даярдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, иш-чаранын катышуучулары Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында Кыргызстандын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө маалымдашты.

Тааныштыруу иш-чарасы Уругвайдын Кыргызстандагы элчилигинин (резиденциясы Пекин шаарында жайгашкан) активдүү колдоосу менен өттү.