Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын төрагасы Халилур Рахман менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Ведомстводон билдиришкендей, Жээнбек Кулубаев төрага Халилур Рахманды бул жогорку кызматка шайланышы менен куттуктап, төрагалык мөөнөтүндөгү артыкчылыктарын ишке ашырууда ийгилик каалады.
Тышкы иштер министри БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясындагы кыргыз тараптын негизги демилгелери жана артыкчылыктары жөнүндө маалымат берип, өлкөнүн 2027-жылдын январынан баштап БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги туруктуу эмес мүчө катары алдыдагы ишине өзгөчө көңүл бурду. Климатка байланыштуу жана тоолуу күн тартибинин мааниси да белгиленди.
Ал 2027-жылы өтө турган "Бишкек+25" жогорку деңгээлдеги глобалдык тоо саммитине даярдыктарды айтып өтүп, Башкы ассамблеянын төрагасын бул иш-чарага активдүү катышууга чакырды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара колдоо көрсөтүүнү макулдашып, эл аралык коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү чыңдоо үчүн биргелешип иштөөгө даяр экендиктерин тастыкташты.