БУУнун Коопсуздук кеңеши: Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Саясат 8 октябрь 2026 09:50
838219751_1095740529713144_8732634459258470808_n.jpg
839414306_1645864003643492_399539172706875976_n.jpg
840659256_1398973389064378_7134346608327060212_n.jpg
840333333_1455372466468849_64394142520550079_n.jpg
839725123_1634748781368361_47709156911864438_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Бишкек шаарында тышкы саясий ведомстволорунун тиешелүү департаменттеринин жетекчилеринин деңгээлинде Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин күн тартибинин маселелери боюнча кыргыз-британ консультациялары болуп өттү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, консультациялардын жүрүшүндө тараптар өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулап, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде Коопсуздук кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттары жана анын ишмердигинин айрым аспектилери боюнча пикир алмашышты.

Кыргыз Республикасынын 2027-2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешиндеги алдыдагы мүчөлүгүнө даярдык көрүү, ошондой эле Кеңештин мүчө мамлекеттери менен өз ара аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Консультациялардын жыйынтыгында тараптар БУУнун алкагында конструктивдүү жана мазмундуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары да улантууга даярдыгын ырасташты.