Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинде Борбор Азиянын жалгыз өкүлү болот

Саясат 23 сентябрь 2026 10:00
Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинде Борбор Азиянын жалгыз өкүлү болот
copyright icon ТИМ

Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. 21-сентябрда Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Коопсуздук уеңешинин учурдагы жана жаңы шайланган туруктуу эмес мүчөлөрүнүн жыл сайын өтүүчү министрлик кечки тамагына катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда Кыргызстандын 2027-2028-жылдардагы Коопсуздук кеңешиндеги ишинин негизги багыттары белгиленди. Кыргызстан БУУнун Борбор Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча Регионалдык борборун жана Тынчтыкты куруу боюнча комиссияны колдоого, Афганистандагы туруктуулукка, ошондой эле тоолуу өлкөлөр үчүн тынчтык, өнүгүү жана климаттык туруктуулук маселелерине көңүл бурат.

Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын Коопсуздук кеңешине мүчөлүгүн артыкчылык эмес, региондун жана БУУнун алдындагы жоопкерчилик катары кабыл аларын белгиледи.

Министр ошондой эле 2027-жылдын октябрында Бишкекте өтө турган "Бишкек+25" Экинчи глобалдык тоо саммитине кесиптештерин катышууга чакырды.