Бишкек, 03.07.25./Кабар/. Патент системасы ишкерлердин салык милдеттенмелерин аткаруусун жеңилдетет. Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов "Ала-Тоо 24" каналына берген маегинде билдирди.
"Патент системасы өнүккөн мамлекеттерде дагы бар. Аларда патент деп айтылбаганы менен табияты, уңгусу окшош. Бизде патентти ишкерлер товар жүгүртүү көлөмүнө карата айына төлөшөт.
Мисалы, буга чейин "Дордой" базарынан жылына 480 млн сом салык чогултулуп келсе, азыркы учурда 1 млрд 600 миң сом салыктык түшүүлөр болууда. Азыр мурдагыдан 3 эсе көбөйдү”, – деп белгиледи Алмамбет Шыкмаматов.
Түз эфирдин жүрүшүндө Алмамбет Шыкмаматов патент системасы ишкерлердин убактысын албай, салыктан төлөө шарттарын жеңилдетерин кошумчалады.