Парламенттин иши санариптик форматка өтөт – Маматалиев

Жогорку Кеңеш Загрузка... 18 Февраль 2026 11:55
631829220_1223479769965243_3792452279810983231_n.jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Парламенттин иши санариптик форматка өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жалпы жыйында билдирди.

Анын айтымында, кагаз менен иштөөнү азайтуу, иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында 90 депутатка планшеттер берилет.

“Азыр комитеттерге материалдар кагаз түрүндө келип жатат. Мурда документтер жума күнү кеч келип калса, депутаттар аны дүйшөмбүгө чейин окуп жетишпей калышчу. Эми планшеттин жардамы менен үйдөбү, жолдобу же дем алыш күндөрүбү — каалаган убакта документтерди ачып, тааныша аласыздар. Ал үчүн депутаттарга 90 планшет берилет. Мында сиздерге материалдар салынып турат. Бул иштер албетте, эффективдүүлүктү арттырат. Сиздер кайсы жерде болбоңуздар материалдарды карап чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”, - деди ал.

Ошондой эле Марлен Маматалиев жыйындар, комитеттерде каралып жаткан маселелерге тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин убактысын албай, айрым учурларда алар менен онлайн байланышуу мүмкүнчүлүгү түзүлөрүн белгиледи.

“Коомдук кабылдамалардын иши тууралуу да айта кетсем. Мисалы, Алай, Чаткалга чейин барып отурбай, сиздер онлайн байланыш аркылуу жарандардын кайрылууларын укканга шарт түзүлгөнү жатат. Мына сыртта деле ар кандай маселелерин айтуу үчүн жарандар кезекте турат. Эми беш топтун ар бирине кабылдамалар ачылат. Энелер бөлмөсү даярдалат”, - деп айтты төрага.