Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. Бүгүн, 30-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө.
Шайлоо процесси өлкө ичинде жана чет мамлекеттерде уюштурулган тилкелерде тынч жана уюшкандыкта жүрүп жатат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, саат 14:00гө карата шайлоочулардын 19 пайызы добуш берүүгө катышты.
Тактап айтканда, 815 миң 766 шайлоочу жарандык милдетин аткарып, добуш берүүгө катышты.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов билдиргендей, өлкө боюнча ар бир шайлоо участогунда укук коргоо органдарынын кызматкерлери коомдук тартиптип камсыз кылууда. Азыркы тапта мыйзам бузуулар каттала элек.
Шайлоого бийлик өкүлдөрү да активдүү катышууда.
Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бирге Бишкек шаарындагы №1046 шайлоо тилкесинде добуш берди.
Өлкө башчысы өз сөзүндө жарандарды шайлоого активдүү катышууга чакырып, бул өнөктүк өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү экенин белгиледи.
Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев да №1123 шайлоо тилкесинен добуш берди.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 30 көп мандаттуу округ боюнча 460 талапкер ат салышууда. Алардын 271и - эркек, 189у - аял талапкерлер.
Добуш берүү кечки саат 20:00гө чейин уланат.