Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. 18-ноябрда Кыргызстандагы 2 миң 492 шайлоо тилкесинде шайлоо инфраструктурасынын жалпы республикалык тестирлөөсү өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирет.
Маалыматка ылайык, жарандар өлкөдөгү каалаган шайлоо участогуна барып, шайлоочулардын тизмесинен өздөрүн текшерип, биометрикалык идентификациядан өтө алышат.
Ошондой эле тестирлөөнүн жүрүшүндө добуш берүү процессин сынап көрүп, шайлоо жол-жоболору менен алдын ала таанышууга болот.
БШК жарандарды тестирлөөгө активдүү катышып, шайлоо инфраструктурасынын даярдыгын биргеликте текшерүүгө чакырат.