Президент Бишкектеги №1046 шайлоо тилкесинен добуш берди

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 12:45
copyright icon www

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Бишкектеги №1046 шайлоо тилкесинен добуш берди.

Шайлоо тилкесине өлкө башчысын жубайы жана президенттин администрациясынын кызматкерлери коштоп келишти.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округдан 460 талапкер ат салышууда, анын 271и эркектер, 189у аялдар.

Шайлоочулардын акыркы тизмесинде 4 млн 294 миң 243 жаран бар.