Парламенттик шайлоого шайлоочулардын катышуусу болжол менен 37%ды түздү – БШК

Шайлоо 1 декабрь 2025 11:23
Парламенттик шайлоого шайлоочулардын катышуусу болжол менен 37%ды түздү – БШК

Бишкек, 01.12.25 /Кабар/. Күн мурун өткөн мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодо шайлоочулардын катышуусу 1 млн 584 миңден ашык адамды түздү, бул болжол менен 37%ды түзөт. Бул тууралуу тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, бул мурунку шайлоого караганда 8 пайызга көп. Бул аралыктан добуш берүүнүн натыйжасы.

“Алдын ала маалыматтар боюнча бир катар райондордо шайлоочулардын катышуусу жогору болуп, шайлоочулардын болжол менен 46-47% добуш берген. Ал эми Бишкектин айланасында жайгашкан райондордо шайлоочулардын катышуусу төмөн болуп, болжол менен 24-25% түзгөн”,-деди ал.

Ал кошумчалагандай, шайлоонун так жыйынтыгы болжол менен эки аптанын ичинде чыгат.