Бишкек, 18.10.25. /Кабар/. Бүгүн, 18-октябрга карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз тапшыргандардын саны 338ге жетти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Боршайкомдун маалыматы боюнча, арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.
БШКнын маалыматына ылайык, алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирди. 30-октябрга чейин шайлоочулар тизмеден өзүн такташы керек болот.
Шайлоону утурлай өлкө боюнча 2492 шайлоо тилкеси ачылат. Чет өлкөдө жалпысынан 100дөй шайлоо тилкеси иштейт.