Парламенттик шайлоо. Талапкерлигин койгондордун саны 198ге жетти

Шайлоо Загрузка... 13 Октябрь 2025 13:45
WhatsApp Image 2025-10-03 at 08.14.38 (3).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдиргендерден арыздарды кабыл алуу уланууда.

Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынан маалымдашкандай, 12-октябрга карата 198 жаран талапкерлигин көрсөттү.

Эске салсак, арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт.

Белгилей кетсек, 30-ноябрда өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.