Парламенттик шайлоо. Шайлоочу өзү жөнүндө маалыматтарды кантип тактай алат?

Шайлоо Загрузка... 02 Октябрь 2025 15:13
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Саясий өнөктүктү утурлай, биз бул ирет шайлоочуларга маанилүү жана эске сала турган маалыматтарды сунуштайбыз.

Шайлоочулардын тизмеси

Жогорку Кеңештин депутатын Кыргызстандын 18 жашка толгон жарандары шайлай алат. Шайлоочулардын укуктарын ишке ашыруу, шайлоочуларды өзү жөнүндө маалыматтар менен тааныштыруу, ошондой эле добуш берүүнү өткөрүү максатында ар бир шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын тизмеси түзүлөт.

Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоочулардын тизмесине жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана биометрикалык каттоодон өткөн бардык жарандар киргизилет. Шайлоочунун жергиликтүү жамаатка мүчөлүгү паспорттун чипине жазылган жарандын паспортундагы жашаган жерин каттоо жөнүндө белги же добуш берүү күнүнө чейин 60 күндөн кем эмес мөөнөттө жүргүзүлгөн улуттук паспорттордун мамлекеттик реестринде жашаган жеринин дарегин каттоо менен аныкталат.

8-октябрга чейин көп мандаттуу шайлоо округдарындагы шайлоо участкалары боюнча түзүлгөн шайлоочулардын алдын ала тизмеси www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталга жайгаштырылат, андан сиз өзүңүз жөнүндө маалыматтарды тактап алсаңыз болот.

Ошондой эле 14-октябрга чейин тиешелүү участоктордо шайлоочулардын алдын ала тизмеси таанышуу үчүн илинет.

shajloo.jpeg

Шайлоочу өзү жөнүндө маалыматтарды кантип тактай алат?

  • 1255 же 119 номерлерине чалуу менен;
  • www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталы аркылуу;
  • шайлоо участогунда;
  • “119” номерине паспорттогу жеке идентификациялык номерди (ПИН) СMС-билдирүү аркылуу жиберүү менен шайлоо участогунун номерин жана дарегин ала аласыз (СМС жиберүү жана телефон чалуу акысыз).

БШКдан маалымдашкандай, эгерде кандайдыр бир ката же так эместик аныкталса, ошондой эле алдын ала шайлоочулардын тизмесинде шайлоочу жок болсо, 8-октябрдан 19-ноябрга чейин (кошулган күндү эсепке алуу менен) тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга жана www.tizme.gov.kg сайтындагы “Шайлоочунун кабинети” сервиси аркылуу белгиленген тартипте авторизациядан өтүү менен электрондук түрдө арыз берүүгө укуктуу.

Биометрикалык каттоодон өтө элек жарандар калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) жана жашаган жери боюнча жарандык абалдын актысын жазуу, паспорттоштуруу жана калкты каттоо органдарынан (Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу ведомстволук түзүм) ушул жол-жободон өтсө болот. Добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүү укугуна ээ экендигин эсиңизден чыгарбаңыз.

IMG_20250901_1_qvQwESm.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Ким Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат?

- Кыргыз Республикасынын шайлоого укугу бар 25 жашка толгон, жогорку кесиптик билимге ээ, мамлекеттик тилди билген жараны;

- депутаттыкка талапкерлигин көрсөтүүнүн алдында республикада акыркы 5 жылдан кем эмес туруктуу жашаган, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоодо өндүрүштүк, илимий, кызматтык себеп же башка зарылчылык боюнча өлкөнүн чегинен тышкары иш сапарларына байланыштуу ар бир жылда алты айга чейинки үзгүлтүктөргө жол берилет.

Кимдер Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга укуксуз?

  1. Соттолгондугу бар, анын ичинде алып салынган же жоюлган;

2. Аларга карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган, төмөнкүлөрдү кошпогондо: - коркунучтуулугу аз кылмыштар этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар; - Кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар;

3. Диний ишмерлер өздөрүнүн диний ишмердигин токтоткондон кийин 5 жыл ичинде.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жолу

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жолу менен шайлоого катышууга саясий партияларды каттоо иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органында шайлоо жарыяланганга чейин катталган жана (же) кайра катталган саясий партияларга жол берилет. Саясий партиялар Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу ар бир шайлоо округу боюнча бирден талапкерди саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү аркылуу көрсөтөт.

Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүүдө саясий партия талапкерлердин жалпы санынын 70 пайызынан ашпаган бир жыныстагы адамдардын өкүлчүлүгү жөнүндөгү талапты сактоого милдеттүү.

Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди депутаттыкка көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт.

thumbs_b_c_86417e8e.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Талапкерлерди каттоо

БШКнын маалыматына ылайык, депутаттыкка талапкерлерди каттоо 10-ноябрда аяктайт.

Талапкерлерди каттоо үчүн “Электрондук талапкер” программасы киргизилген, ал талапкерлерге документтерин электрондук түрдө киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет. Талапкерлердин маалыматтарынын мыйзамдардын талаптарына ылайык келишин текшерүү “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу ишке ашырылат.

Үгүт иштери. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталып, 29-ноябрда эртең мененки саат 8:00дө аяктайт.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык система менен көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат. Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык. 30 көп мандаттуу шайлоо округунун ар биринен Жогорку Кеңештин үчтөн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Мында шайлоочу өзүнүн тандоосу боюнча бир гана талапкерге добуш бере алат.