Парламенттик шайлоо. Саат 17:00гө карата 27,89% шайлоочу добуш берди

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 17:07
WhatsApp Image 2025-11-30 at 14.59.50.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Бүгүн, 30-сентябрда Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын маалыматы боюнча, саат 17:00гө карата шайлоочулардын 27,89%ы же 1 197 568 шайлоочу добуш берген.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 30 көп мандаттуу шайлоо округунда 460 талапкер, анын ичинде 271 эркек жана 189 аял ат салышууда.

Шайлоочулардын акыркы тизмесинде 4 294 243 жаран бар.