Парламенттик шайлоо. БШКга Элвира Сурабалдиеванын өзүн-өзү көрсөтүү арызы келип түштү

Шайлоо 2 октябрь 2025 14:42
Парламенттик шайлоо. БШКга Элвира Сурабалдиеванын өзүн-өзү көрсөтүү арызы келип түштү

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга ниетин билдирген арыздар келип түшүүдө. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-октябрда БШКга 30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого №23 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкер Элвира Сурабалдиевадан арыз келип түштү.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт.