Парламенттик шайлоо. БШК шайлоочулардын тизмесин жарыялады

Шайлоо Загрузка... 24 Ноябрь 2025 09:05
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. БШК мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону утурлай шайлоочулардын тизмесин жарыялады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмеси “Тизме" https://tizme.gov.kg/ порталында жайгаштырылды.

Тизме Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган маалыматтардын негизинде президенттин Иш башкармалыгынын алдындагы "Кызмат" мамлекеттик мекемеси тарабынан түзүлдү.

Шайлоочулардын биротоло тизмелери 25-ноябрга чейин 2492 шайлоо тилкелеринде илинет.

Тизмеге 4 млн 294 миң 243 шайлоочу кирди:

  • эркектер – 2 млн 81 миң 514, же 48,47%;
  • аялдар – 2 млн 212 миң 729, же 51,52%.

Жашы боюнча:

  • 18 жаштагылар – 104 миң 693, же 2,44%:
  • 19-35 жаштагылар – 1 млн 707 миң 851, же 39,77%
  • 36-45 жаштагылар – 923 миң 975, же 21,52%
  • 46-55 жаштагылар – 650 миң 851, же 15,16%
  • 56-65 жаштагылар – 528 миң 771, же 12,31%
  • 66 жаштан жогоркулар – 378 миң 102, же 8,80%.

Шайлоочулар тизмеден өздөрүн төмөнкүдөй жолдор менен тактаса болот:

  • 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
  • шайлоо тилкесине барып;
  • “tizme.gov.kg” сайтында;
  • же ПИН-кодун (жарандык паспорттогу персоналдык идентификациялык номер) 119 кыска номерине SMS түрүндө жөнөтүп, жооп катары өзүнүн шайлоо тилкесинин номери менен дарегин ала алат. SMS жана чалуулар акысыз.