Парламенттик шайлоо. 458 жаран талапкерлигин коюп, арыз тапшырды

Шайлоо Загрузка... 24 Октябрь 2025 09:25
WhatsApp Image 2025-10-14 at 08.06.47.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 24.10.25. /Кабар/. 23-октябрга карата 458 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз тапшырды.

Боршайкомдон маалымдашкандай, арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.

Алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирген. 30-октябрга чейин шайлоочулар тизмеден өзүн такташы керек болот.

Шайлоону утурлай өлкө боюнча 2492 шайлоо тилкеси ачылат.