Парламенттик шайлоо. 407 жаран талапкерлигин коюп, арыз тапшырды

Шайлоо Загрузка... 22 Октябрь 2025 12:21
WhatsApp Image 2025-10-03 at 08.14.39 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 22.10.25. /Кабар/. 21-октябрга карата 407 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз тапшырды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Боршайкомдон белгилешкендей, арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.

Алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирген. 30-октябрга чейин шайлоочулар тизмеден өзүн такташы керек болот.

Шайлоону утурлай өлкө боюнча 2492 шайлоо тилкеси ачылат.