Парламентте социалдык инфраструктураны жакшыртуу маселелери айтылды

Жогорку Кеңеш 16 сентябрь 2026 15:20
800540382_27920363817660157_3032468130408561598_n.jpg
812781722_1673703177680797_189617280764188498_n.jpg
811616026_1350287150247463_8719753412220931933_n.jpg
812781713_2031019281621668_834498635684402342_n.jpg
811236035_2120892728504533_2553638483037766587_n.jpg
796726233_28747610788207676_9064437659330318695_n.jpg
809843982_1399471285730654_4022512616060492397_n.jpg
Алдыга
Артка
800540382_27920363817660157_3032468130408561598_n.jpg
812781722_1673703177680797_189617280764188498_n.jpg
811616026_1350287150247463_8719753412220931933_n.jpg
812781713_2031019281621668_834498635684402342_n.jpg
811236035_2120892728504533_2553638483037766587_n.jpg
796726233_28747610788207676_9064437659330318695_n.jpg
809843982_1399471285730654_4022512616060492397_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 16.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 16-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Ар кандай" саатында депутаттар тарабынан бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Жыйында депутат Нуржамал Төрөбекова Кара-Суу районуна караштуу Садырбай айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун абалы начар экенин белгилеп, ошондой эле аталган медициналык мекеме жол куруу зарылдыгына байланыштуу буздурууга тийиш болгон объектилердин тизмесине киргизилгенин маалымдады. Борбордо коңшу Манас жана Ала-Тоо айыл өкмөттөрүнүн тургундары да медициналык тейлөөдөн өтүшөт. Ага ылайык, депутат бул медициналык мекемени кийинки жылга карата капиталдык курулуш объектилеринин тизмесине киргизүүнү өтүндү.

Ал эми эл өкүлү Болотбек Борбиев Токтогул районундагы окуучуларды мектептерге жеткирүү маселесине токтолду.

"Райондун 24 айылынан 514 окуучу 8 мектепке каттап окууга аргасыз болууда. Мектептердин ортосундагы аралык 3 чакырымдан 15 чакырымга чейин жетет. Балдардын мектепке каттаган жолдору ээн талаа же ири унаа жолдорунун боюнда жайгашкандыктан коопсуздук маселеси жаралууда", - деген депутат аталган 8 мектепке окуучуларды ташуу үчүн 8 автобус бөлүп берүүнү суранды.

Муну менен катар, депутат Алишер Козуев Ош-Өзгөн жолундагы унаа тыгыны көйгөйү тууралуу сөз кылып, аталган жолдун стратегиялык маанисин эске алуу менен бул багытта ыкчам чараларды көрүү керектигин билдирди.

Депутат Бекмурза Эргешов Ош шаарынын жашоочуларынан түшкөн, шаардын Башкы планында жашыл аймак катары белгиленген жерлерге байланыштуу маселелер тууралуу сөз кылды. Төрт айылдагы бир катар көчөлөр 2016-жылдан бери жашыл аймактардын катарына киргизилгени менен бул аймактарда жергиликтүү тургундар көп жылдан бери жашап келишет. Ошондой эле депутат Ош шаарынын айрым айылдарында жаңы социалдык объектилердин курулушу жүргүзүлбөй жатканын жана көпүрөлөрдүн биринин авариялык абалга келгенин ырастап, шаардык мэрияны аталган маселелерди карап чыгып, тиешелүү чараларды көрүүгө чакырды.

Өз кезегинде депутат Бактыбек Чойбеков билим берүү тармагындагы көйгөйлөргө көңүл бурду. Эл өкүлү мектептерди оңдоп-түзөөгө бөлүнгөн каражаттын жетишсиздигин билдирип, каржылоону мектептердеги окуучулардын санына гана эмес, имараттардын жалпы аянтына жараша бөлүштүрүү маселесин карап чыгууну сунуштады.

Депутат Уланбек Жаанбаев медициналык маалымкаттарды, анын ичинен №073 жана №086 формасындагы маалымкаттарды алуу учурунда жаралган кезектерге көңүл буруп, бул процедураны иретке келтирүү керектигин айтты. Муну менен катар Ноокат шаарынын борборундагы бүтпөй калган имараттын курулушун аяктоо маселесин чечүү, ошондой эле Ош-Раззаков жолунун Бел айылына жакын бөлүгүнө жол чырак орнотуу керектигин кошумчалады.

Депутат Нилуфар Алимжанова үй-бүлө институтун колдоо маселесине токтолуп, инфляцияны эске алуу менен «балага сүйүнчү» үчүн берилүүчү бир жолку мамлекеттик жөлөкпулдун өлчөмүн 4 миң сомдон 10 миң сомго чейин жогорулатуу маселесин карап чыгууга чакырды. Ошону менен бирге эл өкүлү окуучуларды окуу китептери менен камсыз кылуу маселесин көтөрдү.

"Айрым учурларда балдарга болгону 3-4 китептен берилип, калган 6-7 китепти ата-энелер өз каражатына сатып алууга аргасыз болууда. Көп балалуу үй-бүлөлөр, жалгыз бой энелер үчүн бул олуттуу чыгым", – деди Нилуфар Алимжанова.

Депутат Эркеайым Сейтказиева былтыр кабыл алынган Жер кодексинин жаңы редакциясына ылайык, багбанчылык дача участокторун калктуу конуштардын курамына киргизүү каралганын эске салды.

"Бир жыл өттү, бирок дачалардын макамына байланыштуу маселе дагы деле чечиле элек. Кыргызстанда 500дөн ашык дача бар жана алардын көбү жарандар үчүн туруктуу жашаган жер болуп саналат", – деген депутат тиешелүү мамлекеттик органдарды бул маселени тез арада чечүүнү табыштады.

Депутат Сеидбек Атамбаев Аламүдүн районунун Арашан айыл өкмөтүндө "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында видеокөзөмөл камераларын, жол чырактарды жана жол белгилерин орнотуу керектигин айтып, аталган аймакта жол-транспорт кырсыктарынын көп катталып жатканын жүйө келтирди.