Парламентте мандат бошосо, кайра шайлоо болбойт - президент

Шайлоо Загрузка... 02 Октябрь 2025 16:06
NazarNews_191329584737982800165080226057125882939.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. Парламентте мурдагыдай бошогон орундарга шайлоолор болбойт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинде билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, мурда бош мандат үчүн кайра шайлоолор өткөрүлүп, бюджеттен миллиондогон акчалар коротулчу.

“Бир округда үч орунду тең аял талапкерлер алып калса, анда 3-орун эркекке берилет. Бул орун гендерлик теңчиликтин орду. Эгер биринчи эки орунду аялдар алса, анда 3-орунду эркектердин арасынан эң көп добуш алган эркек ээлейт. Кийин 3 депутаттын орундары бошосо, артында кезекте турган талапкерлер келе беришет. Мурдагыдай бошогон орундарга шайлоолор болбойт. Бул жерден да үнөм болот, бюджеттен чыгым болбойбуз. Мурда бошогон орундарга кайра-кайра эле шайлоо өткөрө берчүбүз. Бюджеттен 100 миллиондогон сомдор кетчү”, - деди өлкө башчысы.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Анда бир округдан үч талапкер депутат болуп шайланат. Округда эң көп добуш алган үч талапкерге депутаттык мандат бөлүштүрүлөт. “Кабар” агенттигине БШКнын Шайлоолорду уюштуруу башкармалыгынын башчысы Махабат Кожокеева билдиргендей, 30дан кем эмес депутаттык мандат бир жыныстагы талапкерлерге берилет. Бул мандаттар аялдарга гана таандык деген сөздү билдирбейт. Анткени бир округдан үч депутатты аныктап жатканда эки мандат бир жыныстагы талапкерлерге, кийинки мандат кийинки жыныстагы талапкерге берилет. Башкача айтканда, үч эркек талапкер округда көп добуш алса, алардын экөөнө мандат берилет, үчүнчү мандат ошол округда эң көп добуш алган аял талапкерге ыйгарылат. Эгерде талапкерлер бирдей добуш алып калса, алардын арасынан кимиси каттоо үчүн толугу менен документтерди тапшырса, ошол талапкер депутат деп аныкталат.

“Азыр округдагы талапкерлер арасында мандат бөлүштүрүлөт. Депутаттын ыйгарым укуктары кандайдыр бир себептерден мөөнөтүнөн мурда токтотулган болсо, мисалы, эркек кетсе эркекке берилет, аял кетсе, аялга берилет. Эгерде башка жыныстагы талапкерлер болбой калса, анда башка жыныстагы талапкер мандат алат”, - деген Махабат Кожокеева.