Бишкек, 03.09.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров биринчи кезектеги азык-түлүктөргө баанын чегин белгилөө демилгесин көтөрдү.
Анын айтымында, жакында Бишкекте биринчи "Евразия" аттуу социалдык дүкөн ачылды, бирок бул товарлардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн жетишсиз.
"Бүгүнкү күндө бир эле товардын баасы ар кайсы дүкөндөрдө ар кандай болуп жатат. Бир дүкөндө нан 30 сом болсо, экинчисинде 50 сомго чейин жетет. Мындай болбошу керек. Негизги азык-түлүк товарларына баага чек коюу зарыл. Мындай тажрыйба дарыканаларда өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү, ал жакта дарылардын баасын турукташтырууга мүмкүн болду. Ушундай ыкма бул жерде да керек", - деп белгиледи Абакиров.
Депутат бул маселе боюнча протоколдук тапшырма берүүнү суранды.