Парламент төрагасы Нооруз майрамына карата Ошто уюштурулган салтанатка катышты

Аймак 21 Март 2026 14:02
656084406_1249742294005657_5768159333862339556_n.jpg
655569914_1249742440672309_520404138197488509_n.jpg
655654227_1249741987339021_7462950264349565281_n.jpg
656131905_1249741924005694_6089111752340096291_n.jpg
655837863_1249741867339033_7939584562695392938_n.jpg
655692956_1249741810672372_2224989711434906166_n.jpg
656565942_1249741750672378_6239462897991091237_n.jpg
655908426_1249741700672383_1241899546645064763_n.jpg
655464893_1249741644005722_5095909391749645904_n.jpg
655466430_1249741594005727_5868072910278439023_n.jpg
655908430_1249741544005732_9212213279912149915_n.jpg
655950434_1249741497339070_1630673829887416597_n.jpg
655963611_1249741437339076_2568767448660395018_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 21.03.26 /Кабар/. Бүгүн, 21-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Нооруз майрамына карата Ош шаарында уюштурулган салтанатка катышты.

Парламенттен билдиришкендей, алгач төрага улустун уулу күнүндө жасалган сүмөлөктү ачуу аземине күбө болуп, ак элечекчен энелердин колунан даам сызды.

Андан соң борбордук аянттагы элди Нооруз майрамы менен куттуктап, сөз сүйлөдү.

Байыртан ата-бабаларыбыз күн менен түн теӊелген бул күндү жаӊы жылдын башталышы катары майрамдап келишкенин белгилеген Марлен Маматалиев: “Терең мааниге ээ, символикалуу жөрөлгөлөр менен коштолгон бул майрам табияттын өлбөстүгүн, жашоонун түбөлүктүүлүгүн даңазалайт”, – деди.

Ошону менен катар төрага Ош – үч миң жылдан ашуун тарыхы бар, Кыргызстандын эң байыркы шаарларынын бири экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары, быйылкы Нооруз Орозо айт майрамына удаалаш белгиленип жаткандыгын жакшы жышаан катары баалаган төрага: “Орозо руханий тазаланууга багытталган ыйык парздардын бири болсо, Нооруз жалпыбызды жаңыланууга чакырган өзгөчө майрамдардын бири. Андыктан баарыбыздын кармаган Орозобуз кабыл болуп, Жаратканыбыз ар бир бата-дубаларды орундатсын”, – деп кошумчалады.

Майрамдык салтанат байыркы маданиятты, руханий баалуулуктарды чагылдырган атайын программа менен коштолуп, төрага баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары улуттук оюндарга да күбө болушту.