Парламент санарипке өтөт: Маматалиев президент менен реформаларды талкуулады

Жогорку Кеңеш Загрузка... 18 Февраль 2026 10:20
631226449_1220195176960369_1406892939474547968_n.jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин жыйынында президент Садыр Жапаров менен жолукканын билдирди.

Жолугушууда парламенттин 5 жылдык стратегиясы жөнүндө маалымат берип, тиешелүү тапшырмалар алдыга коюлганын айтканын белгиледи.

“Төрага катары 5 жылда кандай жумуштарды аткарарым тууралуу маалымат бердим. Парламентибизде кандай реформалар жүрөрүн айттым. Өзгөчө санариптештирүү боюнча жакшы маселелерди көрсөттүм. Мамлекет башчысы президенттин администрациясында, министрлер кабинетинде кандай чоң реформалар жүргөнүн маалымдады. Санариптештирүүнүн алкагында бир катар чечимдер ыкчам кабыл алынганын, иштин натыйжалуугунун жогорулатканын өз көзүм менен көрдүм”, - деди төрага.