Папан ГЭСинин курулушуна карата даярдык иштери жүрүүдө

Экономика Загрузка... 08 Июль 2025 13:06
1163435.752ebce2d2c49d0be7d4788ad3a5ff5e.jpg

Бишкек, 08.07.25. /Кабар/. Ош облусундагы Папан гидроэлектростанциясын (ГЭС) курууга даярдык иштери жүрүүдө.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө аталган ГЭСте бир катар иштер аткарылды:

  • ГЭСтин имараты тургузулуучу жерге убактылуу кирүүчү жолдун курулуш иштери аяктап, атайын курулуш техникасынын бир бөлүгү жеткирилди;
  • курулуш мезгилинде электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн убактылуу техникалык шарттар түзүлдү;
  • суу алуучу жайга (водозабор) убактылуу электр энергиясы кошулуп, 110 кВ чыңалуудагы чыгуучу линияны долбоорлоого келишим түзүлдү.

Ошондой эле Папан суу сактагычынын идишине (чаша) суу кабыл алгычты куруу боюнча иштер башталып, өндүрүштүк түйүндү — ГЭСтин имаратын жана ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштү (ОРУ-110 кВ) жайгаштыруу үчүн Төлөйкөн районундагы жер участогун бөлүү жана трансформациялоо боюнча жол-жоболор жүргүзүлүүдө.

Маалымат үчүн: Папан гидроэлектростанциясы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычынын төмөнкү бөлүгүндө (бьефинде) жайгашат. Жаңы ГЭСтин пландалган кубаттуулугу 27 МВтты (үч гидроагрегат, ар бири 9 МВт) түзөт, ал эми жылдык орточо электр энергия өндүрүү көлөмү 113 млн кВт/с болот.

Бул долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) алкагында "Чакан ГЭС" ААК жана "Гидроэнергетиканы куруу боюнча биргелешкен кыргыз-кытай коому" ЖЧК тарабынан ишке ашырылууда. Болжол менен ГЭСтин курулуш иштери 2027-жылдын 4-кварталында аяктап, ишке киргизүү пландалууда.