Папан ГЭСин куруу: 1,5 чакырымга созулган туннель казылууда

Аймак 09 Июнь 2026 10:05
718264902_988982343726741_1575378687820329617_n.jpg
718992938_988982313726744_7621166045616543362_n.jpg
718698490_988982337060075_8857716798044474791_n.jpg
719519754_988982320393410_8081889424307005655_n.jpg
720146666_988982373726738_6507751826493571328_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 09.06.26. /Кабар/. Ош облусунда Папан ГЭСинин курулушу ийгиликтүү уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, долбоорду "Чакан ГЭС" ААК ишке ашырып жатат. Бүгүнкү күндө ГЭСтин негизги объектилеринин бири болгон деривациялык суу өткөрүүчү туннелдин алгачкы 30 метри казылып бүттү. Бул туннелдин жалпы узундугу 1,5 чакырымды түзөт.

Курулуш аянтчасына 30дан ашык атайын техника тартылып, курулуш материалдарын ташуу үчүн 8 чакырымдык кирүүчү жол оңдолду. Административдик имараттын курулушу аяктап, ГЭСтин өзүнүн пайдубалы үчүн котлован казуу иштери башталды.

Ошондой эле станцияга орнотула турган, жалпы кубаттуулугу 30 МВтты түзгөн үч гидроагрегатты даярдоо иштери 70%га аткарылды. Учурда электр берүү линияларын куруу үчүн жер тилкелерин трансформациялоо иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимине ылайык, курулуш иштери бекитилген график менен жүрүүдө. Папан ГЭСи 2027-жылдын аягында пайдаланууга берилери пландалган.