Панфилов районунда жол реформасы: Быйыл 30 чакырым жол асфальтталат

Аймак Загрузка... 07 Июль 2026 17:35
WhatsApp Image 2025-12-22 at 15.07.58.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 07.07.26 /Кабар/. Чүй облусунун Панфилов районунда жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштер активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2026-жылга карата район аймагында жалпы 30 чакырым унаа жолуна асфальт-бетон төшөө пландалса, учурда анын 17 чакырымы толугу менен бүткөрүлдү.

Атап айтканда, төмөнкү жол тилкелеринде асфальттоо иштери аяктады:

  • Чалдовар – Ровное – Киров унаа жолунун 7 чакырым тилкеси;
  • Эфиронос – Тельман унаа жолунун 6 чакырым тилкеси;
  • Партсъезд – Чорголо унаа жолунун 4 чакырым тилкеси.

Ошондой эле учурда Панфилов – Мяссовхоз – Чалдовар жана Панфилов – Орто-Арык унаа жолдорунда асфальт төшөө иштерине даярдык көрүлүүдө.

Министрликтен кошумчалашкандай, жолдорду жаңылоо иштери ведомствонун түз көзөмөлүндө жүргүзүлүп, белгиленген графикке ылайык уланууда.