Панфилов районунда жаңы суу сактагыч курулат

Коом Загрузка... 19 Май 2025 12:35
499226374_122172166538341273_479378749377002331_n.jpg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 19.05.25. /Кабар/. Панфилов районунда жаңы суу сактагыч курулат. Бул тууралуу Суу ресурстары кызматынын директору Нурлан Жумаев жумушчу сапарынын алкагында Панфилов районундагы бир катар ирригациялык объекттерин кыдыруу учурунда белгилүү болду.

ге жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, ал алгач Аспара дарыясындагы башкы суу алуу курулмасына барып, күнүмдүк жөнгө салуучу бассейндин (БСР) курулуш иштери менен таанышты.

Андан кийин “Агермен” суу сактагычын толтуруу үчүн колдонула турган 5 скважинаны көрдү. Скважиналар жакында пайдаланууга берилет.

Андан ары Жумаев "Кара-Тума" декадалык жөнгө салуучу бассейндин ишмердүүлүгү менен таанышып, ошол жерде курулуп жаткан насостук станцияны да көрүп чыкты.

Иш сапардын жүрүшүндө активдүү вегетация мезгилинин алдында суу менен камсыздоону жакшыртуу боюнча сунуштар берилди, ошондой эле суу пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ирригациялык инфраструктуранын бөлүгүн модернизациялоо зарылдыгы белгиленди.

Ошондой эле Жумаев аталган райондогу дыйкандарга бөлүштүрүп берилген сугат суунун көлөмүн текшерди. Тиешелүү жетекчилерге вегетация мезгилинде жергиликтүү калкты сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди.