Токтогул суу сактагычы тазаланууда: 12 чакырымдан ашык тор чыгарылды

Укук тартиби 5 октябрь 2026 16:20
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 05.10.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар кызматы тарабынан 28-сентябрдан тартып Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз салынган балык уулоочу торлорду жана башка синтетикалык каражаттарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

ӨКМден билдиришкендей, тазалоо иштери Өзгөчө кырдаалдар министринин тапшырмасынын негизинде уюштурулуп, суучулдар тарабынан суу сактагычтын түбүндөгү мыйзамсыз салынган торлор жана башка калдыктар чыгарылууда. Бүгүнкү күнгө карата жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында Токтогул суу сактагычынан жалпы 12 100 метр мыйзамсыз салынган синтетикалык тор жана башка таштандылар чыгарылды.

Аталган иштердин негизги максаты суу сактагычтын экологиялык абалын сактоо, суудагы жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу.

Белгилей кетсек, мыйзамсыз салынган торлорду тазалоо иштери суу сактагычтын аймагында мындан ары да улантылат.