Алайдын тургуну сейрек кездешүүчү үкүнү табиятка коё берди

Экология 8 октябрь 2026 13:15
copyright icon www

Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Ош облусунун Алай районундагы Күн-Элек айылында тургун үйүнүн жанынан сейрек кездешүүчү жапайы куш — үкүнү таап алган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, билдирүү түшкөндөн кийин окуя болгон жерге министрликтин өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биологиялык ар түрдүүлүк бөлүмүнүн адистери барып, кушту кабыл алышкан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө үкүнүн денесинде сырткы жаракаттар жок экени жана жалпы абалы канааттандырарлык экени аныкталган.

Адистердин корутундусунун негизинде тиешелүү акт түзүлүп, үкү кайрадан табигый жашоо чөйрөсүнө коё берилген.

Министрликтин билдирүүсүндө үй ээси жаратылышка жана жапайы канаттууларга жоопкерчиликтүү мамиле жасап, үкүгө кам көрүп, аны дароо тиешелүү адистерге билдиргени белгиленди.