Бишкек, 06.10.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда агынды сууларды чыгаруу тартибин бузгандыгы үчүн 28 миң сом айып пул салынды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, Ак-Суу районунда айлана-чөйрөнү коргоо талаптарынын сакталышын камсыз кылуу максатында текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Ак-Суу райондук суу чарба башкармалыгына тиешелүү сугат арыктары жеринен кароодон өткөрүлдү.
Жерине кароо иштеринин жыйынтыгында агынды сууларды айлана-чөйрөгө чыгаруунун белгиленген тартиби бузулгандыгы аныкталды.
Аталган мыйзам бузуу боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, тиешелүү тарапка 28 000 (жыйырма сегиз миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, айлана-чөйрөгө агынды сууларды чыгарууга жол бербөө, аны болтурбоо жана алдын алуу, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу жана тиешелүү оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча милдеттүү түрдө аткарылуучу тапшырмалар берилгени белгиленди.