Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар кызматы Ысык-Көл, Соң-Көл жана Токтогул суу сактагычынан 156 миң метрден ашык эски балык уулоочу тор жана 24 тоннага жакын таштанды чыгарды.
Ведомствонун маалыматына ылайык, тазалоо иштеринин жүрүшүндө Ысык-Көлдөн 87 миң 650 метр тор жана 23 миң 895 кг таштанды, Соң-Көлдөн 25 миң 250 метр тор чыгарылган.
Ал эми Токтогул суу сактагычынан 43 миң 300 метр эски тор жана 186 кг таштанды алынган.
Иштер суу объектилерин тазалоо, суу экосистемасын сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында жүргүзүлдү. Бул багыттагы иштер мындан ары да улантылат.