Панфилов районунда 5 жаңы скважина пайдаланууга берилди

Аймак Загрузка... 10 Октябрь 2025 12:26
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.10.25. /Кабар/. Чүй облусунун Панфилов районунда беш скважинанын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Панфилов райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Бахтияр Орозбеков билдирди.

WhatsApp Image 2025-10-10 at 11.50.21 (3).jpeg

Анын айтымында, долбоордун жалпы наркы 43 млн сомду түзүп, каражат Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган. Курулуш иштерин тендерден утуп чыккан "Макс Нур" компаниясы аткарган.

“Бул аймак чек арага жакын жайгашкандыктан, буга чейин суу жетпей келген. Ошондуктан 5 скважина куруп, быйыл 200 гектарга чейин айыл чарба жерлерин суу менен камсыздадык. Ошондой эле “Адирмин” суу сактагычын да суу менен камсыз кылып жатабыз. Ар бир скважинадан орточо 44 литр суу чыгууда. Жалпысынан 5 скважинадан секундасына 220 литрге чейин суу алынууда. Учурда бул суу эгин сугарууга колдонулуп жатат”, – деди Орозбеков.

WhatsApp Image 2025-10-10 at 11.50.22 (4).jpeg

Долбоордун башкы инженери Рахман Масалбеков кошумчалагандай, бул скважиналар 1,6 миң гектар айыл чарба жерин суу менен камсыздоого шарт түзөт.

WhatsApp Image 2025-10-10 at 11.50.21 (1).jpeg

“Курулуш иштерин кыска мөөнөттө бүтүрүүгө аракет кылдык. Скважиналар өзүнөн өзү агып туруучу система менен жабдылган, бул насос иштебей калган учурда да сууну берүү мүмкүнчүлүгүн камсыздайт. Суу төмөнкү жайгашкан үч суу сактагычка жөнөтүлүп, андан ары сугат каналдары аркылуу бөлүштүрүлөт. Системанын жалпы өндүрүмдүүлүгү секундасына 44 литрди түзүп, скважиналардын тереңдиги 230 метрге жетет. Бардык объекттер күнү-түнү күзөттө, бул жабдуулардын бузулушунун жана уурдалышынын алдын алууга багытталган”,-дейт Масалбеков.