Бишкек, 12.09.25. /Кабар/. Панфилов районунда авто ээнбаштык кылып, милицияга каршылык көрсөткөн адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-сентябрдан 11-сентябрга караган түнү Панфилов районунун Эркин-Сай айылында "Рулда" аталышындагы рейддин алкагында милиция кызматкерлери "Мазда" үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.
Мас абалындагы айдоочу милиция кызматкерлеринин документтерди көрсөтүү талабына баш ийбей, физикалык күч колдонуп, милиция кызматкеринин погонун жулуп, окуя болгон жерден качып кеткен.
Милициядан белгилешкендей, бул факт Панфилов РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 27 жаштагы К.Н. аттуу жаран кармалып, медициналык текшерүүдө мас абалында экендиги тастыкталган.
Андан соң ал Панфилов райондук милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланып, жатканы, бул окуяга юридикалык баа берилери айтылды.