Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Күн мурун Бишкектеги Панфилов паркында аттракциондон кыз кулап түшкөн.
“Кабар” агенттигине Биринчи май райондук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган факт РИИБдин маалыматтар журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
“Учурда милиция кызматкерлери бардык чараларды көрүп жатышат. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча КР мыйзамдарына ылайык юридикалык баа берилет. Ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги бул маселени жеке көзөмөлүнө алды”,-деп айтылат маалыматта.