Бишкек, 28.08.25 /Кабар/. Пандемиядан кийин туризм тармагы өз калыбына келип, туристтердин саны көбөйүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов билдирди.
Касымов белгилегендей, пандемиядан кийин туризм тармагы солгундап кеткен. Учурда бул тармакты өнүктүрүү багытында бир катар иштер жасалууда.

“Туристтер үчүн жакгымдуу шарттар түзүлүп, инфраструктура жакшыртылып, өлкөнүн бардык аймактарында мезгилдин талабына жараша заманбап конок үйлөрү, мейманкалар курулууда”-деди ал.
“Жылдын жарым жылдыгына ылайык, былтыркыга салыштырмалуу өсүш бар. Муну менен бирге эле тең салмактуулукту карап, экосистемага дагы көңүл буруудабыз. Бул биздин туризмди туруктуу өнүктүрүүгө багытталган программабызга да камтылган”,-деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, өлкөдө 2030-жылга чейин туризмди туруктуу өнүктүрүү программасы кабыл алынган. Бул жылы 10 миллионго чейин туристтин келиши пландалган.