Памирдеги этникалык кыргыздардын мал-жандыгына ветеринардык жардам көрсөтүлдү

Коом 14 октябрь 2025 12:38
561353002_122190420128341273_1084742288132351114_n.jpg
image.png
560627061_122190420296341273_8872455989898864522_n.jpg
561075920_122190419990341273_1810661641200084997_n.jpg
561749814_122190420434341273_3942024483863695706_n.jpg
563453516_122190420428341273_9169918089107650902_n.jpg
565158693_122190420092341273_5811531014602261156_n.jpg
565704907_122190419972341273_4866578648139892838_n.jpg
566346768_122190420278341273_6125752585070934657_n.jpg
Алдыга
Артка
561353002_122190420128341273_1084742288132351114_n.jpg
image.png
560627061_122190420296341273_8872455989898864522_n.jpg
561075920_122190419990341273_1810661641200084997_n.jpg
561749814_122190420434341273_3942024483863695706_n.jpg
563453516_122190420428341273_9169918089107650902_n.jpg
565158693_122190420092341273_5811531014602261156_n.jpg
565704907_122190419972341273_4866578648139892838_n.jpg
566346768_122190420278341273_6125752585070934657_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 14.10.25 /Кабар/. Афганистандын Кичи жана Чоң Памир аймактарында жашаган этникалык кыргыздардын мал-жандыгына ветеринардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин чечими менен этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирүү максатында түзүлгөн делегациянын курамында Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын эки кызматкери болгон.

Иш сапардын жүрүшүндө Кичи жана Чоң Памирге бөлүнгөн ветеринардык гуманитардык жардам толугу менен жеткирилип, жеринде бөлүштүрүлүп берилди.

Ошондой эле жергиликтүү тургундардын айыл чарба мал-жандыктарынын саны такталып, ветеринардык кароодон өткөрүлдү. Жыйынтыгында:

  • төө – 10 баш;
  • жылкы – 40 баш;
  • ири мүйүздүү мал (топоз) – 367 баш;
  • майда жандык (кой, эчки) – 840 баш текшерүүдөн өткөрүлдү.

Мындан тышкары, зооноздук, жугуштуу жана паразитардык ылаңдардын алдын алуу, ошондой эле ветеринардык дары каражаттарын туура колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, окуу-тренинг уюштурулду. Ага жалпы 418 киши катышты.

Кичи жана Чоң Памирге жеткирилген ветеринардык гуманитардык жардамдын курамы төмөнкүчө болду:

  • альбендазол – ИММ 6 600 башка, же МЖ 36 000 башка жеткидей көлөмдө;
  • топзантел – ИММ 6 000 башка, же МЖ 50 000 башка жеткидей көлөмдө;
  • окситетрациклин-200 – жугуштуу жана жугушсуз ылаңдарга чалдыккан айыл чарба жаныбарлары үчүн ИММ 1 000 башка, же МЖ 3 300 башка жеткидей камсыздалды;
  • хелп спрей (аэрозоль) жана АСД-3 препараттары – мал-жандыктардын ар кандай сырткы ачык жараларын дарылоо үчүн жетиштүү көлөмдө жеткирилди.

Бул иш-чаранын негизги максаты Памирдеги кыргыз жамааттарынын айыл чарбасын жана мал чарбасын колдоо, жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу жана ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат.