Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Кыргызстанга расмий сапар менен келген Пакистан Ислам Республикасынын президенти Асиф Али Зардари ”Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды.
Жогорку даражалуу конок 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын натыйжасында курман болгондордун эстелигине гүлчамбар коюп, алардын жаркын элесине таазим кылды.
Пакистандын өлкө башчысын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, президенттинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев коштоп жүрдү.
Эскерте кетсек, Пакистан Ислам Республикасынын президенти Асиф Али Зардари Кыргызстанга расмий сапар менен кечээ, 7-июлда келген. Аны ”Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алган.