Пакистанда күчү 5,9 баллдык жер титирөө катталды

Дүйнө
Пакистанда күчү 5,9 баллдык жер титирөө катталды

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Пакистанда күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европалык-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борборуна таянып, ТАСС кабарлады.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Хуздар шаарынан 46 чакырым түндүк-батышта жайгашкан. Аталган шаарда болжол менен 141 миң адам жашайт.

Ал эми жер титирөөнүн очогу 35 чакырым тереңдикте болгон.

Азырынча жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшө элек.