Пакистандын президенти Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Президент Жүктөлүүдө... 06 Июль 2026 21:37
IMG_1068.jpeg
IMG_1066.jpeg
IMG_1069.jpeg
IMG_1067.jpeg
IMG_1070.jpeg
IMG_1071.jpeg
IMG_1072.jpeg
IMG_1075.jpeg
IMG_1074.jpeg
IMG_1073.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_1068.jpeg
IMG_1066.jpeg
IMG_1069.jpeg
IMG_1067.jpeg
IMG_1070.jpeg
IMG_1071.jpeg
IMG_1072.jpeg
IMG_1075.jpeg
IMG_1074.jpeg
IMG_1073.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 06.07.26. /Кабар/. Бүгүн, 6-июлда Пакистан Ислам Республикасынын президенти Асиф Али Зардари Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди.

Президент Садыр Жапаров жогорку даражалуу конокту “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан тосуп алды.

Флагштокторго эки өлкөнүн мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, Ардак кароол ротасы тизилген.

Сапардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Пакистандын лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана аны мындан ары чыңдоонун келечегин талкуулашат. Ошондой эле маданий иш-чараларга катышуу мерчемделген.