Пакистан Кыргызстан үчүн деңизге чыгуучу түштүк дарбаза – эксперт

Пикир Загрузка... 07 Июль 2026 10:25
WhatsApp Image 2026-07-07 at 09.47.52.jpeg

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 07.07.26. /Кабар/. Пакистандын президенти Асиф Али Зардаринин Кыргызстанга алдыдагы сапары – жөн гана дипломатиялык окуя эмес, келечектүү кызматташууларга ачыла турган мүмкүнчүлүк. Бул тууралуу саясат таануучу Асель Өмүракунова "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.

WhatsApp Image 2026-05-11 at 17.42.22.jpeg

Анын айтымында, деңизге түз чыгуу мүмкүнчүлүгү жок Кыргызстан үчүн ар бир ишенимдүү транспорттук коридор – соода гана эмес, экономикалык туруктуулуктун да маселеси.

"Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда дипломатиялык алакалардын бекем негизи бар. Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер 1992-жылдын 10-майында түзүлгөн, ал эми президент Садыр Жапаровдун 2025-жылдын декабрында Пакистанга жасаган мамлекеттик сапары бул мамилелерге жаңы дем берди. Анда тараптар соода, инвестиция, транспорттук-логистикалык байланыштар жана гуманитардык кызматташтык маселелерин талкуулашкан", – деп белгиледи эксперт.

Анын пикиринде, бүгүнкү кыргыз-пакистан мамилелериндеги башкы маселе – дипломатия эле эмес, логистика дагы.

"Образдуу айтканда, Пакистан Кыргызстан үчүн – деңизге чыгуучу түштүк дарбаза. Бул жагынан Карачи порту өзгөчө мааниге ээ. Деңизге түз чыга албаган өлкө үчүн мындай портко жетүү - кеңири регионалдык жана дүйнөлүк соода чынжырларына кошулуу мүмкүнчүлүгү", – деди Өмүракунова.

Эксперт экономика жолдон башталарын баса белгиледи. Сапаттуу төө буурчак, эт, тери, текстиль же айыл чарба продукциясын өндүрүүгө болот, бирок жеткирүү кымбат жана алдын ала болжолдоого мүмкүн болбосо, товар рынокко чыга электе эле уттуруп коет.

"Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы товар жүгүртүү азырынча жогору эмес, бирок потенциал бар. Пакистанды кыргызстандык айыл чарба продукциясы, төө буурчак, узак сакталуучу жашылчалар, булгаары сырьесу кызыктырат. Кыргызстан болсо, өз кезегинде, Пакистандан күрүч, фармацевтикалык продукция жана текстиль сатып алат. Ошондуктан товар жүгүртүүнү 200 млн долларга чейин жеткирүү – ишке аша турган практикалык милдет", - деп эсептейт ал.

Анын айтымында, Бишкек – Торугарт – Кашкар – Хунжераб – Исламабад – Карачи маршруту өзгөчө мааниге ээ. Бул багыт Карачи портуна жол ачып, Кыргызстанга деңизге чыгуунун альтернативдүү жолуна ээ болууга мүмкүндүк берет.

"Кыргызстан үчүн бир нече транспорттук маршруттун болушу маанилүү. Бул – жетилген тышкы саясаттын маселеси", – деп түшүндүрдү эксперт.

Өмүракунова Зардаринин сапарынын мааниси эки тараптуу соода менен гана чектелбей турганын белгиледи. Пакистан – бул Түштүк Азия, Аравия деңизине чыгуу, ири рынок, өнүккөн текстиль жана фармацевтика өнөр жайы. Исламабад үчүн болсо Кыргызстан жана Борбор Азия – энергетика, транзит, жаңы рыноктор жана салттуу түштүк азиялык күн тартибинен тышкары байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүгү.

"Мунун адамдык өлчөмү да бар. Кыргызстанда миңдеген пакистандык студенттер билим алышат, негизинен медициналык адистиктер боюнча. Бул жөн гана статистика эмес. Бул жаштар бир нече жыл Бишкекте, Ошто жана башка шаарларда жашап, кыргыз коому менен жакындан таанышат. 10-15 жылдан кийин алардын көбү Пакистанда дарыгер, башкаруучу, ишкер болуп чыгышат. Алардын Кыргызстан тууралуу жеке тажрыйбасы биздин өлкөнүн имиджинин бир бөлүгүнө айланат", – деди Асель Өмүракунова.

Саясат таануучунун пикиринде, Пакистан президентинин сапарын конкреттүү күн тартибине өтүү мүмкүнчүлүгү катары кабыл алуу керек.

"Кыргыз-пакистан мамилелери көптөн бери келечектүү деп айтылып келет. Эми алардын практикалык мазмунга ээ болушу маанилүү. Азыркы эл аралык саясатта дал ушул практикалык натыйжа чыныгы өнөктөштүктүн эң мыкты көрсөткүчү болуп саналат", – деп жыйынтыктады саясат таануучу.