Бишкек, 17.03.25./Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги саан уйдун сүттүүлүгүн жогорулатуунун жолдорун айтты.
Ведомствонун маалыматына ылайык, ал үчүн ага бир гана чөп жана жашыл чөп жетишсиз. Оптималдуу рацион тоюттун ар кандай түрлөрүнөн турат. Жаныбардын ден соолугу үчүн күн сайын нымдуу жана кургак тоюттан жана бардык зарыл болгон витамин жана макро-микроэлементтер менен камсыз болушу керек.
Бодо малдын рационунун негизги компоненттери өсүмдүк азыктары болуп саналат, алардын 4 түрү бар:
Чыктуу тоюттар: жайыт, жаңы чабылган чөп, ар кандай жашылча жемиштер, кышындасы силос. Бул продуктылар уйларды белок жана клетчатка менен камсыз кылат.
Кесек тоюттар: Көбүнчө кургак сенаж же саман. Алар витаминдерге жана клетчаткага бай. Малдын жайыт жана тамыр өсүмдүктөрү менен катар кесек тоют негизги азык болуп саналат.
Концентраттар: Бул дан эгиндери, жымык, кебек, ири дан эгиндери. Мындай кошумчаларды берүү менен малдын организмин белоктор жана углеводдор менен тоюттандырасыз.
Витаминдер жана макро-микро элементтер малдын ден-соолугу жана өнүгүүсү үчүн керек.
Саан уйлардын ден-соолугу жана азыктуулугу аларды багуунун шартына жараша болот. Эң негизги фактор - туура тоюттандыруу. Бодо мал белгилүү бир эрежелердин негизинде тоюттандырылып, тоюттун курамы малдын жашына жана бооз мезгилине жараша болот.
Тоют боюнча маселелер жаралса Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин номерлерине кайрылсаңыздар болот: 64-05-59, 65-53-81, 64-05-63.