Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. "Падыша-Ата" мамлекеттик жаратылыш коругуна "Илбирс фонду" коомдук фонду тарабынан 23 сүрөт капкан тапшырылды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, сүрөт капкандар уникалдуу жаратылыш экосистемасын сактоо, жапайы жаныбарларга ишенимдүү мониторинг жүргүзүү, маалыматтын сапатын жогорулатуу жана натыйжалуу иштерди жүргүзүү максатында берилди.
Алынган сүрөт капкандар Батыш Теңир-Тоонун экосистемасын сактоого жана илимий мониторинг иштерин жүргүзүүгө өбөлгө түзөт.
Маалымат үчүн: "Падыша-Ата" мамлекеттик коругу — Кыргызстандагы өзгөчө кайтарууга алынган жаратылыш коруктардын бири. Жалал-Абад облусунундагы Аксы районунун аймагындагы Батыш Теңир-Тоонун (Чаткал кырка тоосу) Пача-Ата суусунун алабында. Аянты 15,8 миң гектарды түзөт.