Бишкек, 26.10.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Ала-Бука районунун жашоочулары менен жолукканда жергиликтүү тургун “Падыша-Ата” мамлекеттик коругуна чейинки жол толугу менен асфальтталбай калганын айтты.
Жыйында маалымдалгандай, жолдун жалпы узундугу 17 чакырымды түзөт. Корукка киргенден кийин дагы 2 чакырым жол асфальтталышы керек
Быйыл жолдун 5 чакырымына асфальт төшөлдү. Жолдун калган бөлүгүндө иштер кийинки жылы улантылат.
Президент туристтик жайларга барчу жолдорду жарым-жартылай кылып жасабоо керектигин белгилеп, аталган жолду толугу менен асфальтоо зарылдыгын айтты.