Садыр Жапаров Ала-Бука районунун тургундарынын суроолоруна жооп берди

Президент
IMG_3397.jpeg
IMG_3398.jpeg
IMG_3399.jpeg
IMG_3400.jpeg
IMG_3401.jpeg
IMG_3402.jpeg
IMG_3403.jpeg
IMG_3404.jpeg
IMG_3405.jpeg
IMG_3406.jpeg
IMG_3407.jpeg
IMG_3408.jpeg
IMG_3409.jpeg
IMG_3410.jpeg
IMG_3411.jpeg
IMG_3412.jpeg
IMG_3413.jpeg
IMG_3414.jpeg
IMG_3415.jpeg
IMG_3416.jpeg
IMG_3417.jpeg
IMG_3418.jpeg
IMG_3419.jpeg
IMG_3420.jpeg
IMG_3421.jpeg
IMG_3422.jpeg
IMG_3423.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_3397.jpeg
IMG_3398.jpeg
IMG_3399.jpeg
IMG_3400.jpeg
IMG_3401.jpeg
IMG_3402.jpeg
IMG_3403.jpeg
IMG_3404.jpeg
IMG_3405.jpeg
IMG_3406.jpeg
IMG_3407.jpeg
IMG_3408.jpeg
IMG_3409.jpeg
IMG_3410.jpeg
IMG_3411.jpeg
IMG_3412.jpeg
IMG_3413.jpeg
IMG_3414.jpeg
IMG_3415.jpeg
IMG_3416.jpeg
IMG_3417.jpeg
IMG_3418.jpeg
IMG_3419.jpeg
IMG_3420.jpeg
IMG_3421.jpeg
IMG_3422.jpeg
IMG_3423.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун жашоочуларынын суроолоруна жооп берди.

Жолугушууда социалдык колдоо, пенсиялык камсыздоо, алимент өндүрүү, турак жай менен камсыз кылуу, жол жана спорт инфраструктурасын өнүктүрүү, ишкерликти жана айыл чарбасын колдоо маселелери көтөрүлдү. Ошондой эле жер талаштарына, жарандардын укуктарын коргоого жана айрым укук бузууларды териштирүүгө байланыштуу кайрылуулар айтылды.

Президент тиешелүү мамлекеттик органдарга пенсиялык камсыздоо, алимент төлөө жана социалдык жардам көрсөтүү маселелери боюнча кайрылууларды кароону тапшырды. Жер жана мүлк талаштарына, ошондой эле мүмкүн болгон укук бузууларга байланыштуу айрым кайрылуулар боюнча зарыл текшерүүлөрдү жүргүзүүнү жана мыйзамдардын алкагында чараларды көрүүнү талап кылды.

Инфраструктураны өнүктүрүүгө, жолдорду жакшыртууга, спорт аянтчаларын курууга жана ишкерлер үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Президент жергиликтүү бийлик органдарына жеңилдетилген насыя берүү, турак жай көйгөйлөрүн чечүү жана жер тилкелерин пайдаланууну тартипке келтирүү маселелерин иштеп чыгууну тапшырды. Ошондой эле билим берүү мекемелериндеги шарттарды жакшыртуу жана айыл чарба демилгелерин колдоо маселелери да каралды.