Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Өзгөн районунун Куршаб айылында жүгөрү өстүрүүнүн заманбап технологияларына арналган "Талаа күнү" өттү.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, иш-чарада фермерлерге "Пионер" гибриддик жүгөрүсүн өстүрүү, жогорку түшүм алуу, отоо чөптөргө, илдеттерге жана зыянкечтерге каршы күрөшүү ыкмалары көрсөтүлдү.

Ошондой эле өсүмдүктөрдү коргоодо биологиялык ыкмаларды, анын ичинде энтомофагдарды колдонуу боюнча маалымат берилди.