Өзгөндө 380 орундуу жаңы оорукананын курулушу башталды

Аймак 20 Октябрь 2025 11:24
568224598_122188665572368081_5953454123603300861_n.jpg
565710709_122188665584368081_5555947308287568577_n.jpg
568368825_122188665608368081_3557450147701656680_n.jpg
Алдыга
Артка
568224598_122188665572368081_5953454123603300861_n.jpg
565710709_122188665584368081_5555947308287568577_n.jpg
568368825_122188665608368081_3557450147701656680_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 20.10.25 /Кабар/. Өзгөн районундагы 380 орундуу оорукананын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, август айында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жумушчу сапарынын алкагында жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн угуп, Өзгөн жалпы дарыгердик практика борборунун абалы менен жеринен таанышкан. Натыйжада аталган борбордун ордуна жаңы оорукана куруу демилгеси колдоо тапкан.

565710709_122188665584368081_5555947308287568577_n.jpg

Бүгүнкү күндө Өзгөн районунун калкы 290 миңден ашып, жыл сайын өсүүдө. Калктын санынын көбөйүшү менен медициналык кызматка болгон муктаждык да артууда. Ушул маселени чечүү максатында Саламаттык сактоо министрлиги жалпы баасы 1 млрд 350 млн сомду түзгөн, 380 орундуу заманбап оорукана куруу долбоорун иштеп чыккан.

КР президентинин 2025-жылдын 3-сентябрындагы №291 тескемесине ылайык, оорукана курулушуна керектүү каражат 2025-жылга карата Турукташтыруу фондунан бөлүнмөкчү.

568368825_122188665608368081_3557450147701656680_n.jpg

Оорукана президенттин Иш башкармалыгына караштуу "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы тарабынан курулат.

Бул долбоор Өзгөн районунун тургундарына сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, аймактын социалдык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошот.